Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:18

Көчкү баскан өспүрүмдүн сөөгү жерге берилди


Алмалуу-Булактагы көчкү.
Алмалуу-Булактагы көчкү.

Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жер көчкү алдында калган он беш жаштагы Урмат уулу Эрландын сөөгү бүгүн жерге берилди. 27-апрелде аталган айылдын Башы аймагында алты үйдү көчкү басып калган эле. Өспүрүм да топурак алдында калып, сөөгү кечээ табылган.

Ошол күнү Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда көчкү бир үйдү басып калган эле. Кечээ да бул аймакта  көлөмү 2,5 млн метр куб  келген жер көчкү түшүп,  кооптуу кырдаал жаралган.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Алмалуу-Булак айылында көчкү коркунучу жогору бойдон калууда. Мындан улам Матиев атындагы орто мектептин 150 окуучусу жана  73  үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү.  (NT/RsK)

 

XS
SM
MD
LG