Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Германия Кыргызстандын 13,5 миллион евро карызын кечти


Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчиси Петер Рудольф Шольц бүгүн карызды кечүү боюнча өткөн маалымат жыйын учурда билдирди. Ага Кыргызстандын каржы министри Адылбек Касымалиев менен Германия өнүктүрүү банкынын өкүлү Томас Леман катышып, немис тарап карыздын жоюлганы боюнча документти тапшырды.

Аталган банк бул акчаны инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн берген. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 13,5 миллион еврого 34 социалдык мекеме курулуп, 1 миллиондон ашык бак-дарак отургузулган. Ошондой эле каражат кургак учукка чалдыккандарды керектүү тамак-аш менен камсыздоо үчүн сарпталган.

Эми Кыргызстандын Германияга 72,8 миллион евро карызы калды. (NT)

XS
SM
MD
LG