Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Коргоо кеңеши чек ара коопсуздугун талкуулап жатат


Коргоо кеңеши бүгүн Ала-Арча резиденциясында чек араларды бекемдөө, коопсуздукту күчөтүү маселесин талкуулап жатат. Мындан тышкары жаза аткаруу тармагындагы абал талкууга алынат.

Кыргызстанда чек ара коопсуздугу курч көйгөйлөрдүн бири. Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларда талаштуу аймактар көп болгондуктан, маал-маалы менен чыр-чатактар катталып турат. Акыркы жолу 18-мартта Аксыдагы Чаласарт тилкесине өзбек чек арачылары аскер техникалары менен кирип келиши кыргыз тараптын нааразылыгын жаратып, чек арадагы абал курчуп кеткен. Кийинчерээк ал жерге кыргыз тарап да чек арачыларын коюп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин аскерлер 26-мартта чыгарылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул талаштуу тилке экенин айтса, жергиликтүү калк ал жер мурдатан эле Кыргызстандыкы болгонун, үлүш жерлери да бар экенин билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG