Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Самарада салафийлер тобунун 60 мүчөсү кармалды


Орусиянын Самара шаарында тыюу салынган салафий тобунун жашыруун намазканасынан атайын операция учурунда 60 адам кармалды.

ТАСС агенттиги Федералдык коопсуздук кызматына таянып, колго түшкөндөрдөн жарылуучу заттар менен экстремисттик мазмундагы китептер табылганын кабарлады. Тартип сакчыларынын айтымында, аталган топтун айрым мүчөлөрү Сириядагы согуштук аракеттерге да катышы бар. Орусияда тыюу салынган «Ислам мамлекети» тобунун видео-роликтерин да интернет аркылуу тарткатууга аракет кылышкан. Салафизм – исламдын сунний багытындагы фундаменталисттик бутак. (BCh)

XS
SM
MD
LG