Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Селсаяктарга баш калка ачылат


Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Улуттук кызыл жарым ай коому Бишкекте барар жери жоктор үчүн атайын баш калка курууну пландаштырууда. Министр Кудайберген Базарбаев менен аталган коомдун баш директору Рустам Алеев бүгүн селсаяктар кышкысын эле эмес, жайкысын да байырлай ала турган атайын кароо үйүн курууну талкуулашты.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.Кыргызстанда барар жери жок селсаяктардын так саны белгисиз. Алардын көбү Бишкекте кышкысын жылуулук трассаларында жашашат. (BCh)

XS
SM
MD
LG