Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Кенияда кулаган алты кабат имарат жети кишинин өмүрүн алды


Найроби, Кения
Найроби, Кения

Борбор шаар Найробиде кулаган имараттын алдынан 121 киши чыгарылган. Куткаруучулар ал жерде дагы ондогон кишилер болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Кырсыкка суу ташкыны жана жер көчкүнү чакырган жаан себеп болгон деп айтылууда.

Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү куткаруу иштеринде координация жок деп бийликтин кыймыл-аракетин сынга алышты. Кулаган имарат Найроби шаарынын чет жакасында жайгашкан жана ал жерди негизинен жакыр жашагандар байырлашат. Жакында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында Найроби шаарындагы имараттардын жарымынан көбү тийиштүү стандарттарды бузуу менен салынганы аныкталган. (AzK)

XS
SM
MD
LG