Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

“Кумтөрдүн" эки вице-президенти өлкөдөн чыгып кетти


Кумтөр
Кумтөр

Бул туурасында “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Нурлан Тагаев билдирди. Анын айтымында, ушул тапта аталган жабык акционердик коомдон активдик каражаттарды мыйзамсыз сыртка чыгаруу фактысына байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши тергелүүдө.

Иликтөөнүн алкагында күч түзүмдөрү бейшемби күнү аталган компаниянын имаратында тинтүү иштери жүргүзгөн. “Кумтөр Голд Компанинин” эки вице-президенти Марк Бертон менен Лесли Лоу тинтүү болгондун эртеси күнү 29-апрелде чыгып кеткени белгилүү болду. Эми Башкы прокуратура аларды кайра чакыртканы жатат, эгер келбесе аларга эл аралык издөө жарыяланат.

Март Бертон компаниянын каржы маселеси боюнча вице-президенти, Лесли Лоу камсыздоо жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча президенттин орун басары болуп саналат. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын басма сөз катчысы Нуржан Алымкулова “Азаттыкка” аларда мындай маалымат жоктугун, бүгүн дем алыш болгону үчүн маалыматты тактоо мүмкүн эмкестигин билдиррди. (AzK)

XS
SM
MD
LG