Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Ач күзөн ири адрондук коллайдерди иштен чыгарды


Европалык ядролук изилдөө борбору, Женева
Европалык ядролук изилдөө борбору, Женева

Европалык өзөктүк иликтөө борборунун билдиришинче, Жер планетасындагы технологиялык жактан өнүккөн ири долбоорлордун бири саналган Чоң адрондук коллайдер ач күзөндүн айынан убактылуу иштебей калды.

Ач күзөн 66 киловольттук трансформатордун электр зымын кемирген. Мындан улам коллайдер иштебей калган. Жаныбар болсо ток тартып өлгөн. Швейцариядагы ири адрондук коллайдер - дүйнөдөгү заряддалган бөлүкчөлөрдү тездетүүчү түзүлүш болуп саналат. Анын негизги шакегинин узундугу 26 километрден ашат.

2013-жылы коллайдердин иши жаңылоо үчүн токтотулган эле. Ал 2015-жылы кайра ишке киргизилген. Коллайдердин баасы 6 миллиард еврого жакын. (AzK)

XS
SM
MD
LG