Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

№50 абактан качкандардын соту май майрамдарынан кийин уланат


Түрмө
Түрмө

Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Свердлов райондук сотунда болгон 26-апрелдеги акыркы отурумга айыпталуучу Эдил Абдрахманов биринчи жолу катышты. Анткени кармоо учурунда анын бутуна ок тийген. Абдрахмановдун бутуна Кызыл Чырым эл аралык уюмунун жардамы менен операция жасалып, сөөк өстүрүүчү пластик коюлган.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов, Болот Курбанахунов абактан качуу, адам өлтүрүү фактысы боюнча соттолууда.

Былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз киши үч түрмө кызматкерин өлтүрүп качып чыккан. Алардын бешөө дароо кармалып, кийинчерээк үчөө абакта каза тапса, дагы качкан үчөө кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Тирүү калган үч качкын боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG