Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Өз үйүндө асынып алган 17 жаштагы баланын өлүмү суроо жаратууда


Чүй облусуна караштуу Петровка айылында 11-класста окуган Алексей Быковдун жансыз денеси өз үйүндө 14-апрелде асылып турган жеринен табылган. Мурда мектепте мугалим болуп иштеген жергиликтүү тургун Ольга Голушко “Азаттыкка” Алексей 7-класстан бери эле мектепте балдардын кемсинтүүсүнө кабылып жүргөнүн айтып, анын өлүмү үчүн мектепти айыптоодо. Апасы Оксана Акименко мектепке териштирүүлөргө барып эле жүргөнүн, соңку учурда уулу бул туурасында ооз ачпай калганын билдирүүдө.

Мектеп жетекчилиги менен милиция бул окуя боюнча азырынча комментарий берүүдөн баш тартты.

Алексей Быковдун атасы үй-бүлөсүн 14 жыл мурда эле таштап, Орусияга кетип калган. Быйыл уулун жогорку окуу жайына өткөрөм деген апасы эки жумушта иштеп жүргөн. Мындан улам эне-бала бири-бирин көп көрбөй телефон аркылуу гана сүйлөшүп калышкан. (AzK\SA)

XS
SM
MD
LG