Кыргызстанда 2-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8...13, күндүз 18...23
Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүз 20...25
Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20
Бишкекте 2-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүз катуу жаайт, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13 градус, күндүз 20...22 градус болот.(AzK)