Полициянын билдиришинче, 15 жаштагы бала атасынын тапанчасын алып, башына такап турган калыпта сүрөткө түшөм деп жатып кокустан өзүн атып алган. Ал Патханкот шаарындагы ооруканага жеткирилди. Азырынча абалы туруктуу.
Эл аралык уюмдардын иликтөөсүнүн жыйынтыгында 2015-жылы дүйнө жүзү боюнча селфи тартам деп кырсыктап, каза тапкандардын саны 27 киши болгон. Алардын жарымы индиялыктар болуп саналат.
Жакында эле бул өлкөдө дагы бир өспүрүм жакындап келе жаткан поезддин фонунда селфиге түшөм деп жатып каза тапкан. (AzK)