Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Абдрахманов: “Алтынкен” ишканасы жакынкы күндөрү ишин жандантат


Талды-Булак сол жээк алтын кени.
Талды-Булак сол жээк алтын кени.

Кеминдеги Талды-Булак сол жээк кениндеги “Алтынкен” ишканасы 10-майга чейин ишин жандантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын вице-президенти Сагынбек Абдырахманов билдирди. Абдырахмановдун маалыматында, учурда кендеги калдык сактоочу жайды оңдоо иштери жүрүп жатат. Тоокен жумуштары уланууда.

- Ишканадагы калдык сактоочу жайды оңдоо иштери бүткөрүлөрү менен кенде иш жанданат. Буга чейинки кемчиликтерди жокко чыгаруу үчүн ишкананын жетекчилиги алмаштырылып, кесипкөй адис дайындалды,- деп билдирди Абдырахманов.

Ошондой эле кенде жумушчулардын иш таштоосуна байланыштуу сүйлөшүүлөр өтүп, маселени чечүү аракеттери жүрүүдө.

“Алтынкенде” буга чейин жумушчулар бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышып, жетекчини алмаштыруу, маянаны көтөрүү талабын коюшкан. Анын жыйынтыгында кенде иш токтотулган.

Талды-Булак сол жээк кени 2015-жылы июль айында ишке кирген. Кенди иштетүү үчүн биргелешкен кыргыз-кытай “Алтынкен” ЖЧКсы лицензция алган. Ишкананын 60 пайызы Кытайдын “Цзыцзинь”, 40 пайызы “Кыргызалтын” ААКсына таандык.(BkA)

XS
SM
MD
LG