Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

Баку менен Ереван бири-бирин айыптады


Тоолуу Карабактагы Армениянын аскерлери
Тоолуу Карабактагы Армениянын аскерлери

Кавказдан түшүп жаткан кабарлар Тоолуу Карабак чатагынан улам Армения менен Азербайжан ортосундагы абал чыңалган бойдон турганын көрсөтүүдө. Эки тарап тең ок атышпоо келишимин бузганы үчүн бири-бирин айыптоодо. Армян коргоо министрлиги 2-майда өлкөнүн түндүк-чыгыш чек арасына өткөн түнү азери аскерлери тарабынан артиллериялык куралдан ок атуу болгонун кабарлады.

Азербайжан корго министрлиги өткөн дем алыш күндөрү Тоолуу Карабакка чектеш аймакта кошуна тарап ок атпоо келишимин 112 жолу бузганын билдирди. Бирок эки тарап тең бул атышуулардан жоготуу болгон-болбогонун айткан жок.

Тоолуу Карабакта 2-апрелде тутанып, төрт күнгө созулган уруш ондогон өмүрдү алып кетти. Өзүн өзү жарыялап алган Тоолуу Карабак бийлиги төрт күнгө созулган бул урушта 29 жоокер каза болуп, 28и дайынсыз жоголгонун, Азербайжан 31 жоокеринен айрылганын билдирген. Тараптар 5-апрелде ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан кийин касташып калган. Армения колдогон жикчилер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен этникалык армяндар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

30 миңдей кишинин өмүрүн алган 90-жылдагы чатактан кийинки абалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер азырынча майнап бере элек.

XS
SM
MD
LG