Ак үй президент Барак Обаманын улуу кызы Малия мектепти аяктагандан бир жылдан соң, 2017-жылы Гарвард университетине тапшырарын кабарлады. "Президент менен биринчи айым кызы Малия 2017-жылдын күзүндө Гарвард университетине тапшырып, аны 2021-жылы аяктоого ниеттенип жатканын билдирди", - деп айтылат Ак үй 1-майда тараткан маалымдамада.
Барак Обаманын эки кызы бар: улуусу Малия, кичүүсү Саша. Президент өзү жана жубайы Мишель да Гарварддын юридика мектебин бүтүргөн.
Гарвард - дүйнөдөгү эң атактуу окуу жайлардын бири. Массачусетс штатынын Кембриж шаарындагы бул университеттен АКШнын бир канча президентинин балдары билим алган.