Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Орусияда Борбор Азия өлкөлөрү менен визалык режим киргизүү сунушталды


Орусияда мигранттар негизинен кара жумуштарда иштешет.
Орусияда мигранттар негизинен кара жумуштарда иштешет.

Мындай сунуш менен орус парламентинин жогорку палатасы Федерация кеңешинин мүчөсү Франц Клинцевич чыкканын орусиялык маалымат каражаттары кабарлашты. Орусиялык эл өкүлү муну акыркы кездеги борборазиялыктар катышкан чуулгандуу кылмыштарга байланыштырды.

Федерация кеңешинин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары Франц Клинцевич борборазиялыктардын Сызрань полициясынын башчысын өлтүрүүгө, Москвадагы наристени тындым кылууга катышын чектен чыккандык катары баалады.

Ошол эле учурда визалык режим Орусия менен жакшы экономикалык алакасы бар Кыргызстан менен Казакстанга киргизилбей турганын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG