Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Хабаровск: волейбол боюнча эл аралык мелдеште Ош тайпасы жеңди


30-апрель жана 1-май күндөрү Орусиянын Хабаровск шаарында Кыргызстандын консулунун кубогу үчүн волейбол боюнча эл аралык мелдеш болду.

Жалпы байге фонду 430 миң рублди түзгөн оюнда Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын сегиз командасы беттешти. Жыйынтыгында биринчи орунга Кыргызстандан барган “Ош” командасы ээ болуп, 160 миң рубль сыйлык алышты. Ал эми экинчи орун Петропавлов-Камчатск аймагынан келген “Аэронавигация” командасына тийип, 120 миң рубль байге берилди. Үчүнчү орунду алган “Хабаровск” курама командасы 100 миң рубль, төртүнчү орунду камсыздаган Благовещенск шаарынын “Амурстрой” командасы 50 миң акчалай сыйлыкка татыды. Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы кыргыз консулдугунан "Азаттыкка" билдиришкендей, ушуну менен үчүнчү жолу уюштурулган эл аралык мелдеш кыргызстандыктар менен башка улуттардын ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөөнү максат кылат. (NT/ECh)

XS
SM
MD
LG