Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Сахалин: курулушта каза тапкан кыргызстандыктын өлүмү боюнча текшерүү жүрүүдө


Орусиянын Сахалин облусунда көп кабаттуу үйдүн чатырынан мерт кеткен кыргызстандыктын өлүмү боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Бул тууралуу Сахалин облусунун Тергөө комитетинин расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, 28-апрелде Корсаков шаарындагы жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан жумуш учурунда 34 жаштагы кыргыз жараны учуп кеткен. Кырсыктан дароо каза тапкан. Бул окуя боюнча текшерүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен аталган курулуштун жетекчилерине чара көрүлөрү маалымдалды.(BkA)

XS
SM
MD
LG