Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Өндүрүш Токтонасыров Каржы министрлигине нааразылык билдирет


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги Каржы министрлигинин алдына пикетке чыга турганын “Азаттыкка” билдирди. Ал Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде жоголгон жоокерлерди издөө, бейити табылгандардын үй-бүлөлөрүнө ал жакка барып зыярат кылып келүү үчүн каражат бөлүүнү талап кылууда.

- “Биз үчүн курман болгон аталарга таазим” деген ураанды көтөрүп чыгам. Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калгандардын үй-бүлөлөрүнө акча берилиши керек. Менин чоң атам да согуштан кайткан эмес. Кийин анын сөөгү Ленинграддан табылды. Эми анын денеси жашырылган аймактын ордуна башка имарат курулат деген маалымат уктум. Өкмөт акча быйылкы бюджетке кирген эмес деп ойлонгуча, ал жерди түздөп коюшса, кай жакка барып куран окутам? Мен сыяктуулар толтура да.

Буга чейин Кант шаарынын тургуну, көзү азиз Каныбек Мырзакановдордун үй-бүлөсү Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматтарынын негизинде Экинчи дүйнөлүк согуш маалында дайынсыз жоголгондорду издөө менен алектенип, беш жыл аралыгында 1225 кишинин сөөктөрү кайда коюлганы табылган. Бул аракеттерге жардам берүү өтүнүчү менен Каржы министрлигине кайрылып, бирок акча бөлүү маселеси бул жылдын бюджетине кирбей калды, деген жооп алышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG