Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

“Кумтөр” жетекчилиги тинтүүдөн улам чет өлкөгө чыкканын төгүндөдү


"Кумтөрдүн" эки вице-президенти тинтүүгө байланыштуу четке чыгып кетти деген маалымат чындыкка жатпайт.

Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматынын башчысы Мирлан Кимсанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, вице-президенттер Бертон жана Лоу мурда пландалган эмгек өргүүсүн алып, чет өлкөгө кетишти.

“Кумтөр Голд Компанинин” вице-президенттери тинтүүгө байланыштуу чет өлкөгө чыгып кетти деген маалымат туура эмес. Алар мурдатан эле эмгек өргүүсүнө чыгабыз деп учакка билет алып коюшкан. Андан сырткары компаниянын президенти Ден Дежарден да эс алууда болчу, тинтүүлөр болгондон кийин жумушка чыкты”, - деди Мирлан Кимсанов.

28-апрелде күч түзүмдөрү “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын имаратында тинтүү иштерин жүргүзгөн. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган копаниянын активдик каражаттарды мыйзамсыз сыртка чыгаруу фактысына байланыштуу кылмыш иши тергелүүдө.

Ушундан кийин “Кумтөр Голд Компанинин” каржы маселеси боюнча вице-президенти Марк Бертон жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча вице-президент Лесли Лоунун өлкөдөн чыгып кеткени 29-апрелде белгилүү болду. Эми Башкы прокуратура аларды кайра чакыртканы жатат, эгер келбесе, аларга эл аралык издөө жарыяларын эскертүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG