Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Рустамов: Кумтөрдөгү Петров көлүнүн ташып кетүү коркунучу бар


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясы Петров көлүндөгү ташкынды токтотуу боюнча керектүү чараларды көрбөй жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик агенттик Петров көлүндөгү ташып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн атайын долбоор иштеп чыгууну тапшырган. Бирок азыркы учурга чейин аталган долбоор иштелип чыкпай, ташып кетүү коркунучу сакталып турат.

“Петров көлү жыл сайын толуп жатат. Тобокелдик көбөйүп жатат. Биз бул боюнча атайын долбоор иштеп чыккыла дегенбиз. Бирок ар кыл шылтоону айтып, создуктуктуруп аткарбай келишет. Азыр суу толуп, жаңы көлмөлөр пайда болууда”, - деди Абдыкалык Рустамов.

Буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Центерра Голд” компаниясын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамда жана келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга чакырып, кат жолдогон.(BkA)

XS
SM
MD
LG