Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Укук коргоочу Токтонасыров Каржы министрлигинин алдына акцияга чыкты


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Каржы министрлигинин алдына нааразычылык акциясын өткөрдү. Укук коргоочу Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде жоголгон жоокерлерди издөөгө каражат бөлүүнү талап кылды. Токтонасыров мамлекет быйылкы жылдын бюджетине издөө ишине каражатты бөлүүнү киргизбегени менен согушта каза тапкандардын элесин сыйлабаганын билдирүүдө.

Акция учурунда активист бош чемодан коюп, анын ичине согушта дайынсыз болгондордун тизмесин салган.

Буга чейин Кант шаарынын тургуну, көзү азиз Каныбек Мырзакановдордун үй-бүлөсү Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматтарынын негизинде Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында дайынсыз жоголгондорду издөө менен алектенип, беш жыл аралыгында 1225 кишинин сөөгү кайда коюлганы табылган. Бул аракеттерге жардам берүү өтүнүчү менен Каржы министрлигине кайрылып, бирок акча бөлүү маселеси бул жылдын бюджетине кирбей калды, деген жооп алышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG