Сейиттер, кожолор жана төрөлөр деген ким?
Кыргызстанда өздөрүн Мухаммед пайгамбардын урпактары, башкача айтканда Мухаммед пайгамбардын кызы Фатимадан тараганбыз деген уруулар бар экенин билесизби? Сейиттер, кожолор жана төрөлөр деген ат менен таанымал бул уруунун мүчөлөрү өзгөчө түштүк тарапта көп экендиги айтылып келет. Ош шаарында жашаган жана өздөрүн Мухаммед пайгамбардан тараган сейиттер катары тааныткан үйү-бүлө мүчөлөрү 90 жашка чыккан Саидбурхан аксакал, анын күйөө баласы Дилмурод жана небериси Султанкожо "Азаттыкка" баян куруп беришти.