Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

АКШ менен Молдова биргелешкен аскерий машыгууларды башташты


Социалисттик партиянын жактоочулары Молдовада аскерий машыгуулардын өтүшүнө каршы чыгышты.
Социалисттик партиянын жактоочулары Молдовада аскерий машыгуулардын өтүшүнө каршы чыгышты.

Бүгүн башталган Dragon Pioneer аталыштагы эки өлкөнүн ири аскерий машыгуулары 20-майга чейин созулат. 3-майдын таңында Молдовага Румыниядан 200 америкалык аскер жана аскерий техника киргизилди. Өткөн аптада өлкөнүн Коргоо министрлиги союздаштардын нацисттик Германияны жеңиштин 71-жылдыгына карата борбордо Улуттук Армиянын жана АКШнын аскерий техникаларынын көргөзмөсү өтөрүн жарыялаган.

Молдованын орусиячыл Социалисттик партиясы элди демонстрацияга чыгып, америкалык аскерлерден жолун тороого чакырды. Бирок акцияга он чакты гана адам топтолду. Ошондой эле партиянын лидери Игорь Додон премьер-министр Павел Филиппке кайрылып, Кишиневдун борборуна НАТОнун техникаларын койдурууга жол бербөөгө чакырды. Додон бул көргөзмөнү “аскерий оккупация” деп атады.

Молдова НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасына 1994-жылы кошулган.

XS
SM
MD
LG