Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Атамбаев: Бишкектин күнүмдүк маселелери тез чечилиши керек


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкектин мэри Албек Ибраимовду кабыл алган учурда билдирди. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Атамбаев мэрия шаардыктардын күнүмдүк проблемаларын тезинен чечүүгө тийиш экенин белгилеп, баш калаанын маанилүү маселелерине токтолду.

Атамбаев мэриянын ишине шаардыктар такай көз саларын жана алар Бишкектин таза, жашоого жайлуу жана заманбап шаар болушун кааларын кошумчалады.

Албек Ибраимов борбордук кызматтарды башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун чаралары, Бишкектин көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү, баш калаанын жарык жана жашылдандыруу пландарын айтып берди.(BkA)

XS
SM
MD
LG