Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов мектебинин 8-классынын окуучусу өз жанын кыйды. Мындай маалыматты окуучу окуган мектептен тастыкташты. Маалыматка ылайык, 1-майда аны асынып калган абалда табышкан. Учурда окуучунун өлүмүнүн себеби иликтенүүдө.
Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери төрт окуучу өз жанын кыйган. (BkA/RsK)