Бүгүн Конституция күнүнө карата Каракол шаарынын борбордук аянтында 247 жаш жоокер салтанаттуу аскердик антын беришти.
Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгынын башчысы Руслан Закировдун ырасташынча, жаш жоокерлер Бишкек шаарынан, Нарын жана Ысык-Көл областарынан келишкен.
Алар эки ай Ысык-Көлдө мамлекеттик чек ара кызматынын окуу борборунда атайын аскердик окуудан өткөндөн кийин Нарын, Талас, Чүй облустарына, Балыкчы шаарларына кызмат өтөөгө кетишет.(AsM)