Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

“Бир дүйнө-Кыргызстан”: жарандардын укугу көп бузулат


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы бүгүнкү Конституция күнүнө карата билдирүү таратты. Анда Баш мыйзам кабыл алынган 20 жыл аралыгында жарандардын конституциялык укугу бузулуп, ал эми мамлекет өз жарандарынын укугун коргоо боюнча өз милдеттерин аткарбай келгени айтылат.

Кыймыл адам укуктары жаатындагы негизги маселе катары сот адилеттигинин чектелиши, көз карандысыз сот системасынын жок болушу, укук коргоо уюмдарынын мамлекеттик түзүмдөр жана радикалдык-улуттук кыймылдардын ар кыл кысымдарына туш болушу, парламенттин мыйзамдар аркылуу бейөкмөт уюмдардын эркиндигин чектөө аракетин атаган.

Уюм өз билдирүүсүндө адам укугунун бузулушу катары укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин, адвокаттарга кол салуу жана башка конкреттүү мисалдарды келтирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG