Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:58

Бишкекте Сөз эркиндиги форуму өттү


Форумга саясатчылар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бишкек, 5-май, 2016-жыл.
Форумга саясатчылар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бишкек, 5-май, 2016-жыл.

Форумга бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, оппозициячыл саясатчылар, журналисттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандагы сөз эркиндигинин азыркы абалы, жарандардын укуктары, сот адилеттигине байланышкан маселелер талкууланды.

Соңунда “Атамбаевдин бийлигинен кийинки саясий жана социалдык-экономикалык саясаттын болочогу” деп аталган резолюция кабыл алынды. Анда сот реформасын ишке ашыруу, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, маалымат каражаттары жана жарандык коомго карата басымды токтотуу, Коомдук каналда ар тараптуу маалыматтарды чагылдыруу талаптары жазылган.

Форумдун уюштуруучулары аталган иш-чараны көз карандысыз жана оппозициячыл уюмдардын аянтчасына айландырууну максат кылууда.

Өткөн айда бир катар саясатчылар жана журналисттер Сөз эркиндигин коргоо комитетин түзүшкөн. Муну акыркы кезде бийлик маалымат каражаттарына үстөмдүгү, телеканалдар ачык, толук маалымат бербей жатканы менен түшүндүргөн.(BkA/ErN)

XS
SM
MD
LG