6-майда түнкүсүн айрым райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22;
Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 17..22;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24;
Баткенде түнкүсүн 8..13, күндүз 18...23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19;
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20 градус болот.
6-майда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетиши ыктымал. Абанын түнкү температурасы 10…12°, күндүз 19…21° жылуу болот.