Бүгүн Түркия өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу отставкага кетиши ыктымал. Жергиликтүү жана Батыш маалымат булактары тараткан кабарларга караганда, Давутоглу президент Режеп Тайып Эрдоган менен саясий тирештен улам кызматтан кетүү чечимин кабыл алган.
Өнөктөш эсептелген эки саясатчынын шаршемби күнү узакка созулган сүйлөшүүсү ийгиликсиз болгону маалымдалды.
Эксперттердин айтымында, Батышта реформачыл катары аброй тапкан Ахмет Давутоглунун бийликтен кетиши Анкаранын Европа биримдиги жана АКШ менен мамилесинде татаалдыктарды жаратышы ыктымал.
Давутоглунун күтүлгөн отставкасы президент Эрдогандын Түркияда жеке бийлик орнотууга жасаган аракетинин, сынды кабыл албай калуунун жыйынтыгы катары бааланууда.