Нью-Йорк Нургазыны күтөт
“Азаттык” тарткан “Кыял” тасмасынын каарманы Нургазы Америкага барат. Аталган тасма дүйнөлүк Webby Awards, башкача айтканда, Интернет-Оскар сыйлыгын жеңген. Сыйлык тапшыруу аземи 16-майда Нью-Йоркто өтөт. Нургазыны тасманын автору, кабарчыбыз Улан Эгизбаев жана демөөрчү катары “Элим барсыңбы” фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов коштоп барат. Нургазы күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.
Чыгарылыштар
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"
-
Июль 28, 2026"Мадина" базары: соодагерлер муңу, мэриянын жообу