Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Курсанттын өлүмү боюнча кызматтык иликтөө башталды


Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсантынын өлүмүн Коргоо боюнча мамлекеттик комитет териштирет. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, окуяны жетекчилик өзгөчө көзөмөлгө алды. Анын чоо-жайы тууралуу иликтөө бүткөндөн кийин маалымат берилет.

19 жаштагы курсант 5-майда бөлүктөн уруксатсыз чыгып кетип, Нарындагы өз үйүнө баргандан кийин асынып алган. 4-майда Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаарындагы 718-аскер бөлүгүндө эки жоокер мушташып, бири алган жараатынан көз жумган. (NT)

XS
SM
MD
LG