Бүгүн Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында 100дөн ашык улуттун өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык “Достук” фестивалы өтүп жатат. Ага кыргыз диаспорасы да катышып, улуттук даамдарды жармаңкеге алып чыкты. Иш-чараны Сеул шаарынын мэриясы уюштурган. Расмий маалымат боюнча, Түштүк Кореяда 3 миңдей кыргызстандык жаран иштеп жүрөт. (EK)