Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Отунбаева: Кыргызстандагы радиолор чындыкты чагылдырганды үйрөндү


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева Кыргыз радиосунун 85 жылдыгына арналган салтанат учурунда сөз сүйлөп жатып билдирди. Ал Кыргызстан эгемендик алган соңку 25 жыл ичинде радио жаш мамлекеттеги олуттуу окуяларды үзгүлтүксүз чагылдырып, элге жеткирип турганын, маалымат булагынан бул түрү бүгүнкү күндө да маанисин жоготпогонун кошумчалады:

- Өлкөбүз ашып өткөн оор сыноолордо радио коштоп турду. Элибизди окутуп, тарбиялап, чачыратпай чогултуп, дем берип турганына баарыбыз күбөбүз. Ленин айткандай, радио кагазсыз жана аралыксыз маалымат каражаты катары жаш мамлекеттин пайдубалы түптөлүп, бутуна туруп жатканда уюштуруучу, агитатор жана пропагандист болуп тынымсыз, чарчабай мыкты иштеп берди.

Роза Отунбаева Кыргызстанда радиолор мурдагыдай кооз сүйлөгөндү токтотуп, чындыкты айтууга үйрөнүп келатканын, учурда бардык жарандар түз ободогу талкууларда ойлорун ортого салып, суроо бере аларын, мындай жетишкендиктерге жетүүдө “Азаттык” башкаларга кадр мектеби жана үлгү болгонун айтты. Бүгүн эл аралык радио күнү белгиленип жатат. Кыргыз радиосу 85 жылдык мааракесин да өткөрүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG