Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

“Элдик парламент” президенттин отчетун талап кылат


Элдик парламенттин мүчөлөлөрү
Элдик парламенттин мүчөлөлөрү

Бул тууралуу «Элдик парламенттин» өкүлдөрү 7-майда уюштурган маалымат жыйында билдиришти. Алар кыймыл 17-майда Бишкекте чоң жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевдин отчет беришин, кызматтан кетишин, Икрамжан Илмияновдун, Чыныбай Турсунбековдун, Фарид Ниязовдун ишмердүүлүгү тууралуу комиссия түзүүнү талап кыларын айтышты. Июнь окуясы боюнча күнөөкөрлөрдүн жоопкерчилигин кароо боюнча Гаага сотуна кайрылуу маселеси да жыйында талкууланары айтылды.

Өзүн “Элдик парламент" деп атаган коомдук кыймыл апрелде түзүлгөн. Анын курамына Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев менен Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев кирип, бирок кийин анын катарынан чыкканын жарыялашкан. Алар кыймылдын Евразиялык интеграцияны колдоо жана коррупцияга аралашпаган саясий ишмерлердин башын бириктирүү демилгесин колдоп, бирок “президентти мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү" өңдүү талаптардан кабары болбогондугун билдиришкен.

"Элдик парламентке" Кыргызстанга 25 жылдан кем эмес кызмат кылган адамдардан куралган 105 депутат кирери айтылган. Ал оппозицияга да, бийликкке да көз карандысыз, мыйзам үстөмдүгү менен иштеген эл өкүлү институтун түзүүнү максат кылганын уюштуруучулар билдиришкен. Алар алгач 26-апрелде митинг өткөрө турганын айтышкан эле.(NT)

XS
SM
MD
LG