Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Кыргызстан укуктук маданият фондун түзүүнү сунуштады


Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине Укуктук маданиятты көтөрүү боюнча фонд түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Кыргызстандын БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн менен жолугушуусунда билдирди. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, 6-майда өткөн жолугушууда Кыргызстандагы адам укуктарынын маселелери жана бул жаатта аткарылып жаткан иштер, БУУнун Адам укуктар боюнча жогорку комиссарлыгынын Бишкектеги кеңсесинин ишмердиги сыяктуу маселелер талкууланды.

Кыргызстандын БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Укуктук маданиятты көтөрүү боюнча фонд түзүү менен жарандардын укуктук деңгээлин жана маданият жогорулатуу, өз укугун сактоого шарт түзүү сыяктуу маселелерди чечүүгө өбөлгө болорун билдирген.

Өз кезегинде Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн Кыргызстанды адам укугун коргоо жаатында аракеттерин улантууга чакырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG