Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Порошенко: Украинасыз Жеңишке жетүү мүмкүн эмес болчу


2-дүйнөлүк согушту эскерүү.
2-дүйнөлүк согушту эскерүү.

Президент Порошенко согуш жылдары украиналыктар Кызыл Армиянын катарында, Антигитлердик коалицияга кирген башка өлкөлөрдүн курамында жана Украин козголоңчул армиясынын катарында нацизмге каршы күрөшкөнүн белгиледи.

“Бул согушту украиналыктарсыз жеңүүгө мүмкүн эмес болчу”-деди Порошенко.

Украин президентинин бул сөзүн орус президенти Владимир Путиндин Орусия жеңишке баары бир жетишмек деген пикирине жооп катары кабыл алынды. Анда Путин “Биз баары бир жеңишке жетишмекпиз, анткени биз жеңүүчүлөр өлкөсүбүз”,- деп билдирген эле.

Согуш жылдары Орусия да, Украина да СССРдин курамында болгон.

Көпчүлүк Европа өлкөлөрү сыяктуу эле Украинада да өткөн жылдан тарта 8-май эскерүү жана элдешүү күнү катары белгилене баштады. Ал эми 9-май Нацизмди жеңүү күнү катары майрамдалат.

Быйыл президент Порошенко кабыл алган ардагерлердин катарында Кызыл Армиянын да, Украин козголоңчул армиясынын катарында согушкан украиналык ардагерлер болду.

XS
SM
MD
LG