Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

“Өчпөс полк” жүрүшү башталды


Бишкектеги Жеңиш күн майрамы.
Бишкектеги Жеңиш күн майрамы.

Согуштун катышуучулары жана кайтпай калган аскерлердин сүрөттөрүн көтөргөн шаар тургундары Түштүк дарбазадан чыгып, Жеңиш аянтына жакындап калышты. Алар "өчпөс отко" келип, согуш курмандыктарына таазим кылышат. Жүрүшкө чыккандардын жоон тобу 1 км аралыкты ээлеп келе жатышат. Ушундай эле иш-чаралар бардык аймактарда өтүп жатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 820га жакын согуштун, жети миңден ашуун ооруктун ардагери бар.

Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган. (AzK)

XS
SM
MD
LG