Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Бишкекте “Өлбөс полк” жүрүшүнө 15 миңдей жаран катышты


Жеңиш майрамында.
Жеңиш майрамында.

Иш-чараны уюштуруучулардын айтышынча, катышуучулардын колоннасы 2 чакырымга дейре созулду. Алар Түштүк магистралдан Жеңиш аянтына чейин согушта курман болгон жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп келип, “өчпөс отко” таазим кылышты.

“Өлбөс полк” акциясы алгачкы ирет 2014-жылы уюштурулган. Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 365 миң киши катышып, алардын 114 833 кайтып келген эмес. Быйылкы Жеңиш күн салтанаттарына 821 согуш ардагери күбө болушту. (AzK)

XS
SM
MD
LG