Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Бишкектеги көк бөрү тартышта "Сары-Өзөн" командасы жеңди


Оюндан бир көз ирмем.
Оюндан бир көз ирмем.

Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына жана экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна арналып өткөрүлгөн Бишкектеги көк бөрү мелдешинде Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы жеңүүчү аталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" cпорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын маалымат катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

9-майда Ак-Кула ат майданындагы финалдык оюнда Суусамырдын "Сары-Өзөн" командасынын оюнчулары Оштун "Достук" командасын 3:1 эсебинде жеңип алышты. 3-орун үчүн "Талас" жана "Талас жаштары" командасы беттешип 5:0 эсебинде "Талас" оюнчулары утуш ээси болушту. 5-майда башталган оюндарга жалпысынан 8 команда катышты.

Командаларга төртүнчү орунга чейин 400 000 сом, 200 000 сом, 100 000 сом жана 30 000 сом өлчөмүндө ээлеген орундарына жараша акчалай сыйлыктар берилди. (ECh)

XS
SM
MD
LG