Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

ТИМ Түркмөнстанда кармалган жаран элчиликтин чарба кызматкери экенин билдирди


Маалымат каражаттарына чыккан кабарларга таянсак Түркмөнстанда аткезчилик кылды деп кармалган жаран Кыргызстандын Ашхабаддагы элчилигинде техникалык кызматкер болуп иштеген.

Буга чейин түркмөн маалымат каражаттары 17-апрелде “Фарап” өткөрүү пунктунда 36 жаштагы Манас Осмонов аттуу Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкери автоунаасы менен Түркмөнстанга кирип келатканда ири контрабандалык тамеки менен кармалганын жазышкан. Соңку маалыматтарга караганда ал ошол күнү дипмиссиянын башчысынын уруксатысыз өзүнүн автоунаасы менен өлкөдөн чыгып кеткен. 20-апрелде Тышкы иштер министрлигинин буйругу менен Кыргызстандын Эмгек кодексинин негизинде кызматтан бошотулган. (AzK)

XS
SM
MD
LG