Орусиялык спортчулардын допинг колдонгонун ашкерелеген Виталий Степанов анын колунда Сочи олимпиадасында алтын медаль уткандар арасынан бери дегенде төрт кишинин тыюу салынган дары ичкенин далилдеген аудио бар экенин билдирди.
8-май күнү АКШдагы телеканалга интервью берген Степановдун айтымында, 15 сааттык аудио жазууда Орусиянын допинг лабораториясынын мурунку башчысы Григорий Родченков менен маек жазылган.
Азырынча спортчулардын аты-жөнү айтыла элек.
Дуйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттигинин (WADA) өкүлү Бен Николс “Рейтерс” агенттигине маалымат берип, Степановдун интервьюсун көргөнүн, тез арада иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.
Бразилиядагы Олимпиада оюндары алдында орусиялык спортчулар арасында допинг маселеси курчуп барууда.