Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Жумгалдагы окуучунун өлүмү териштирилүүдө


Жумгалдагы окуучу кыздын өлүмү боюнча иликтөө жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, облустук тиешелүү органдар окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле мектеп мугалимдери жана ата-энелердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилгенин Ибраева кошумчалады.

Өткөн жумада Жумгалда 11 жаштагы окуучу өз жанын кыйган.

Нарын облусунда өткөн жылы 5 өспүрүм өз жанын кыйган. Ал эми быйыл жыл башынан бери 3 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган факт катталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG