Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Ирандын алты аскери Сирияда туткунга түштү


Иран жоокерлери.
Иран жоокерлери.

Сириядагы аскердик операция учурунда Ирандын алты аскери ислам козголоңчулардын туткунуна түшкөнүн Иран парламентинин мүчөсү Исмаил Ковсари расмий ырастады.

Маалыматка ылайык, аскерлер 6-майдагы Алеппонун жанындагы козголоңчулар менен салгылашта туткунга түшкөн. Буга чейин аталган салгылашта 13 иран аскер кеңешчиси ажал тапканын расмий Тегеран маалымдаган. Бул Сирия президенти Башар Асадды колдоо иретинде операцияга катышкан Иран күчтөрүнүн эң чоң жоготуусу болду.

Аталган шаарга козголоңчулардын “Ан-Нусра” тобунун бир канаты болгон “Жайш ал-Фатх" тобу кол салган.

XS
SM
MD
LG