Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Нөшөрлөгөн жаан селди пайда кылды


Таласка түшкөн мөндүр.
Таласка түшкөн мөндүр.

9-майдагы катуу жааган жаандын кесепетинен Ош облусунун Ноокат-Папан-Кичи-Алай унаа жолун сел чайып, анда автоунаа жүрүүгө болбой калган. Учурда жолдун бир тарабы жабылып, тазалоо иштери жүрүп жатат. Адам өмүрүнө зыян келген жок.

Талас облусунда 9-майда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жетип, мөндүр аралаш нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн. Натыйжада Талас районунун Долоно айыл аймагындагы Ноо-Арык жана Чоң-Арык каналдарына суу батпай, 34 үйдүн короосун сел каптаган. Таш-Арык айылынын Бордо жана Таш-Арык каналдарынан ашкан суу 10 үйдүн короосун чайып кеткен.

Ушундай эле сел Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунда да катталган. Учурда арыктарды жана короолорду тазалоо иштери жүрүүдө.

Сел Талас шаарына да жетип, 9-май күнү 3 үйдүн короосуна суу кирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG