Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында таштарды кулатуу Боом капчыгайынын 122-чакырымында жүргүзүлмөкчү. Ага ылайык, 10-майдан 13-майга чейин капчыгайдагы жол маал-маалы менен жабылат. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматы боюнча, таш кулатуу күндүзгү саат 9:00дан 15:00ке чейинки убакта, күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.
Жолдун жабылышына жана тартипке ИИМдин кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери көз салышат.
Маалыматта айтылгандай, жабылган жолдун эки тарабына чогулган автоунаалардын саны 30-40тан ашып кетсе, таш кулатуу токтотулуп, автоунаалар өткөрүлөт.
Өткөн жылы 12-августта түштөн кийин Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымына тоодон топурак аралаш таш көчүп түшүп, жолду бууп калган эле. Адам өмүрүнө залака тийген эмес, бирок капчыгайдын эки башында 25 чакырымга жеткен машине тыгыны пайда болгон.(ZKo)