Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Ажылыкка каттоо 11-майда аяктайт


Мекке.
Мекке.

Муфтийдин орун басары Замир Ракиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, 11-майдан тартып өлкөнүн бардык аймактарында ажылыкка каттоо иштери токтотулат. Жалпы республика боюнча ажылыкка каттоо 34 жерде жүргүзүлдү. Эми чүчү кулак кармоо менен ажылыкка барчулар аныкталат. Ракиевдин айтуусунда, ажылыкка баруучулардын так саны да каттоо аяктагандан кийин анык болот.

Быйылкы жылы ажылыкка барууга Кыргызстанга 3 685 орун берилген. Ажылык зияратка барчулардын алгачкысы 16-августта Мекеге аттанат, эң акыркысы 4-сентябрда барат. Ажылык сапар акысы 2600 АКШ доллар деп белгиленген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG