Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

“Панама документтеринин” ичинде кыргызстандыктар да аныкталды


Оффшордук эсептер тууралуу маалымат сакталган жер.
Оффшордук эсептер тууралуу маалымат сакталган жер.

Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму 9-майда жарыялаган документте 200 миңден ашык оффшордук эсептер тууралуу маалымат камтылган. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар. Тизменин башында “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Аман Тентиев, “Альфа телекомдун” мурунку башчысы Алмаз Мурзалиев турат. Булардан тышкары Эрмек Исманкулов, Руслан Турбатов, Алия Керимбаева, Жахонгир Жураев атуу кыргызстандыктар бар. Ошондой эле Кыргызстанда катталган бир катар чет өлкөлүк ишканалар жана алардын жетекчилери Кыргызстандагы даректерге катталган болуп чыккан.

Бул документтер менен offshoreleaks.icij.org дарегиндеги сайтынан таанышса болот.

Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму бир ай мурун дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны оффшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндама жарыялаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG