Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Белгилүү журналист Жолдошбек Зарлыкбеков дүйнөдөн кайтты


Жолдошбек Зарлыкбеков.
Жолдошбек Зарлыкбеков.

Журналист, акын-публицист Жолдошбек Зарлыкбеков узак оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары “Азаттыкка” билдиришти. Жолдошбек Зарлыкбеков “Ленинчил жаш”, “Асаба”, “Агым” жана башка бир катар басылмаларда иштеген. Анын жазган ырлары мезгилдүү басма сөздө жарыяланып турган. Жакындарынын айтуусунда, көзү тирүү кезинде чыгармаларын китеп кылып чыгара алган эмес.

Жолдошбек Зарлыкбеков 1958-жылы Кочкор районунда туулган.

XS
SM
MD
LG